БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Индонезияда суу ташкындарынын кесепетинен улам 27 адам каза болуп, 22 киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында узак убакытка созулган катуу жаандын кесепетинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, Ява аралында суу ташкыны пайда болгон.
"Табият кырсыгынан 27 адам каза болуп, 22 киши дайынсыз болууда", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, Ява аралынын батыш бөлүгүндөгү Гарут округунда 400 адам башка аймакка көчүрүлдү.
Индонезия бийлиги Суматранын үч провинциясына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.