БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Кубанычбек Осмонбеков Москва шаарында "Айкөл FC" машыгуучу залын ачты. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилиги билдирди.
Клубду ачуу иш-чарасына Россиядагы кыргыз элчиси Болот Отунбаев катышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Москвадагы бардык кыргызстандыктар күнүнө 2-3 саатка арендага алынган залдарда машыгып келишкен.
"Айкөл FC залдын ээси менен 5 жылга келишим түзгөн биринчи клуб болуп калды. Ушул убакыт аралыгында клуб машыгуу үчүн күнү түнү кыргызстандыктарды кабыл алат. Клубдун аракети менен залда ремонт иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Элчи Отунбаев Айкол FC жетекчиси Кубанычбек Осмонбековго ыраазычылык билдирип, мекендештерди бириктирүү жана кыргызстандыктарды эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөлүк аренага чыгаруу аракеттерине ийгилик каалап өттү.