Замирбек Айдаров: Бишкектен "Манас" аэропортуна чейинки жол оңдолуп бүттү
Ал өз сөзүндө аталган жол капиталдык гана оңдоодон өткөнүн айтты.
"Бул жолго 954 миллион сом каралган. Каражаттын баары берилди. Башында биздин жергиликтүү курулушчулар кемчиликтерди кетиргендиктен дагы кошумча оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле жолдун эки тарабына жарык чырактарын орнотуу үчүн 74 миллион 966 миң сом сурап жатабыз", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган жолдун сапаты начар экенин айтып, аны кайта жасап чыгуу керектигин айткан болчу.