БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Конституциялык өзгөртүүлөрдү толугу менен колдой турганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Парламенттеги отурумда "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аталган маселе боюнча өкмөт башчынын позициясына кызыкты.
"Көпчүлүк депутаттарга жана элге кызык болуп жатат. Конституцияны өзгөртүү боюнча позицияңыз кандай? Жаңы өзгөртүүлөр боюнча коалиция тарап, өкмөттүн курамы өзгөрүшү керек", — деди Төрөбаев.
Өз кезегинде Жээнбеков бардык өзгөртүүлөрдү колдой тургандыгын айтты.
"Конституция боюнча бардык өзгөртүүлөрдү колдойбуз. Коалиция жаңы түзүлсө, жаңы өкмөт келиши керек. Мен колдойм", — деди Жээнбеков.
Ал эми Төрөбаев өкмөт башчы өзүнүн оюн билдирсе болмок деп нааразыланды.