Кылычбек Досумбетов: Бишкек — Нарын — Торугарт жолу толугу менен декабрда бүтөт
"Аталган аралыкка жети көпүрө курулуп, 143 суу түтүктөрү орнотулду. Дагы төрт көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. 78 чакырымдык жолдун астыңнкы, ал эми 51 чакырымдын үстүңкү катмарына асфальт төшөлүп бүттү. 15 миң 626 парапет даярдалып, аларды участкаларга орнотуу иштери жүрүп жатат", — деп билдирди Досумбетов.
Анын айтымына караганда учурда курулуш иштеринин 68 пайызы аяктады. Калган иштер үстүбүздөгү жылдын декабрь айында акырына чыгат. Ал эми кепилдик мөөнөтү 2017-жылдын декабрь айына чейин белгиленген.