ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Бышты жорго жарышында марага биринчи болуп Ысык-Көлдүн "Ак жолтой" аттуу күлүгү келди.
Ал эми экинчи орунду "Лоция" аттуу Чүйдүн күлүгү алса, үчүнчү орунду кайрадан Ысык-Көлдүн "Чарбаш" күлүгү ээледи.
Жорго жарышта 18 күлүк бактысын сынап, 7200 метр аралыкка чуркашты.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.