Атамбаевдин үстүнөн жазылган укук коргоочулардын арызын шаардык сот карайт

Жазылуу
Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова президентти укук коргоочулардын кадыр-баркына шек келтирди деп сотко беришкен. Биринчи инстанция алардын арызын канааттандырган эмес.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулованын КР президенти Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызы боюнча угуулар 6-сентябрда Бишкек шаардык сотунда болот.

Бул тууралуу Бир дүйнө — Кыргызстан укук коргоочулардын кыймылы билдирди.

Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти
Белгилей кетсек, 2016-жылдын июль айынын ортосунда Биринчи Май райондук соту укук коргоочулардын президенттин үстүнөн жазган арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Укук коргоочулар райондук соттун чечимин эми шаардык сотко даттана тургандыктарын айтып, адилеттүү чечим чыкканга чейин күрөшө берерин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Атамбаев 14-майда Энелер күнүнө карата уюштурулган салтанатта "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп айткан. 12-майда "Элдик парламенттин" жыйыны өтүп, ага укук коргоочулар Абдирасулова менен Исмаилова да катышкан.

Укук коргоочулар Атамбаевдин бул сөзү алардын ар-намысына шек келтиргенин айтып, президенттин кечирим суроосун жана моралдык жактан зыян келтиргени үчүн 20 миллион сом талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0