БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстандын бир катар ишмерлерин сыйлоо боюнча Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аза ылайык, III даражадагы "Манас" ордени сегиз кишиге ыйгарылды. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министри — Кубатбек Боронов, ырчы Саламат Садыкова, Дарика Жалгасынова жана Туйгунаалы Абдраимовдор бар.
Ал эми "Азия MIX" КВН командасынын жетекчиси Эльдияр Кененсаров менен белгилүү эстрада жылдызы Мирбек Атабековго "КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы берилди.
Бул сыйлыктар эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн берилди.