БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы Кытай элчилигинин ичиндеги жардырууну террорчу-жан кечти жасады. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер Жеңиш Разаков билдирди.
Буга чейин Кыргызстандагы Кытай элчилигинин ичинде жардыруу болуп, бир адам каза болгондугу кабарланган.
"Жан кечти өзү каза боуп, күзөтчүлөр жаракат алды. Жабыркагандардын баары Кыргызстандын жарандары. Ал эми жан кечтинин өздүгү такталып жатат", — деди Разаков.
Алдын ала маалымат боюнча Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унаа жарылган.