Аза күтүү күнү: шапар тепкен кайсы иш-чаралар токтотулду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргыз Республикасынын түшүрүлгөн желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын түшүрүлгөн желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан көңүл ачуучу кандай иш-чаралар токтотулуп, элдин көңүлүн анча бурбаган кандай программалар өткөрүлөрү туурасында билип чыкты.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өлкөдө 27-августтагы 23 кишинин өмүрүн алып кеткен трагедиялуу кош кырсыктын айынан аза күтүү күнү жарыяланды. Биздин 14 мекендешибиз Москвадагы чыккан өрттөн каза тапса, Бишкек — Ош жолунда авто кырсык болуп, тогуз кишини өмүрүн алып кетти. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен жалпы элдик аза күтүү күнү жарыяланып, көңүл ачуучу иш-чаралар кийинкиге жылдырылды. 

Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: түгөйсүз калган эгиз, энесиз калган жетимдер
Бүгүн мамлекеттик бардык мекемелерде туу өлкөнүн туусу түшүрүлүп, ага ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында көңүл ачуучу программалар — шоу, викторина жана концерттер алынат. 

Sputnik Кыргызстан кайсыл иш-чаралар токтотулуп, кайсылары анча байкалбай, тынч өтө турарын сураштырып чыкты. 

КТРК, "5 канал" жана НТС телеканалдарында көңүл ачуучу шоу программалар алып салынат, таңкы берүү болгон жок. 

Эфир өзгөрүлүп, драмалык тасмалар жана мелодрамалар коюлат. 

Президенттин маалымат кызматынан шапар тепкен ар кыл иш-чараларды өткөргөндөр бул күнү жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деп билдиришти.

"Бул күнү бүт өлкө аза күтүп жатат. Биздин эл да анын масштабын аңдап-билет болушу керек", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөгү бүгүн кечке маал алып келинет
Бүгүн өтө турган СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 75 жылдыгын уюштургандар анын салтанаттуу бөлүгү токтотулуп, конференция менен сүрөт көргөзмө болуп, анда каалоочулар пикирлерин айтаарын кабарлашты. Андан сырткары, Бишкекте тамак-аш жана мектеп жармаңкеси, VI Улутттук жармаңке, "Made in KG — 2016" иш-чарасы өтөт. "Кыргызстандыктар биргеликте!" деп аталган акция болот. Уюштуруучулар бул иш-чаралар анча майрамдалбай, тынч өтө тургандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0