БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Тинтүү учурунда Бишкек шаарынын тургунун үйүнөн 5 килограмм 30 грамм нашаа табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү күч органдарына Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда жай тургун баңгизат даярдап жүргөнү тууралуу кабар түшкөн.
Аталган маалыматтын негизинде Кара-Жыгач конушунун 38 жаштагы тургунун үйү тинтүүгө алынып, 49 ширеңкенин кутусуна салынган нашаа табылган. Алардын жалпы салмагы 5 килограмм 30 граммды түзөт.
Аталган факт боюнча тергөө амалдары башталды.