БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Эки кыз менен бир бала Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги баннерди таш менен ургулашкандыгы тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, кечээ түнү мас абалындагы эки кыз менен бир бала баннерди көздөй таш ыргытышып, жарактан чыгарганын айткан. Окуя көңүл ачуучу жайлардын биринде болгон.
Жүргүзүлгөн рейддин натыйжасында 18-19 жаштагы эки кыз менен бир жигит шектүү катары кармалышкан. Тергөө иштери уланып жатат.