БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун террорчулары Антальяга чабуул жасашы мүмкүн. Бул тууралуу өткөн жылы Анкарада жардыруу уюштурган террористтин үйүнөн табылган документтерде жазылганын РИА Новости Cumhuriyet гезитине таянуу менен билдирди.
Атайын даярдыктагы кызматкерлер террорчу Юнус Дурмаздын үйүн тинтүү учурунда анын компьютеринен Түркиянын бир канча шаарларына, анын ичинде Антальядагы түнкү клубдарга жасалчу терактылардын планын табышкан.
План боюнча аталган жардырууларды жасоо үчүн 150 согушкер даярдалмак.