Эл аралык оюндар 5-августта башталып, 21-августка чейин уланды. Ага 207 мамлекеттен 12 миң спортчу катышты. Кыргызстандан 19 спортчу барып, тилекке каршы, эч кимиси байгелүү орундарга татый алышкан жок. Штангист Иззат Артыковдун жалгыз коло медалын Оор атлетика боюнча эл аралык федерация канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылды деген кине менен алып койду.
Бардыгы болуп спорттун 28 түрү боюнча медалдын 306 ойнотулду. Бул убакыт аралыгында 27 дүйнөлүк жана 91 олимпиадалык рекорд коюлду. Бул оюндан эң көп, 121 медаль (46-37-38) топтон сап башына АКШ чыкса, экинчи орунду 67 медаль менен британиялыктар, үчүнчү сапты 70 медаль менен Кытай ээледи.
Аталган Олимпиада бир катар ызы-чуусу, көп спортчулардын мертинүүсү менен эсте калды.
Кийинки XXXII жайкы Олимпиада Япониянын борбор калаасы Токио шаарында өтөт.

XXXI жайкы Олимпиада оюндарынын жабылуу салтанатындагы Олимпиадалык от

Жөө күлүктөрдү сыйлоо салтанаты. (солдондон оңго) Фейисе Лилесе (Эфиопия) - күмүш медаль, Элиуд Кипчоге (Кения) – алтын медаль, Гален Рапп (АКШ) – коло медаль

Олимпиада оюндарынын жабылуу салтанатында ырчы Мариене де Кастро өнөрүн тартуулады

Жабылуу салтанаты өтүп жаткан "Маракана" стадиону түстүү фейерверкке бөлөндү

Бразилиядагы XXXI жайкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземиндеги артисттер

Рио-де-Жанейронун мэри Эдуардо Паес, Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Токио губернотору Юрико Коикэ олимпиадалык желекти тапшыруу учурунда

Спортчулардын парады

Жабылуу салтанатындагы өзгөчө шоу

Япония премьер-министри Синдзо Абэ белгилүү оюндун каарманы Марионун образында

Көз жоосун алган майрамдык салют

Селфи кылуу

Шаар тургундары салтанатка сырттан көз салып турду

Кезектеги XXXII жайкы Олимпида оюндары Токио шаарында өтөт.
