00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күз жакындаса да помидордун баасы эмнеге түшпөйт?

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота тепличного комбината в Челябинске
Работа тепличного комбината в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Помидордун дүкөндөгү былтыркы жана быйылкы наркынын айырмасы 23 сом, ал эми базардагы баасынын айырмасы 72 сомду түздү.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Учурда Бишкектин дүкөндөрүндө помидордун килограммы 90, ал эми былтыр 18 сомдон сатылган.

Ал эми былтыркы жылдын август айында помидор базарда 12 сомдон сатылып келсе, учурда 35 сомдон сатылууда. 

Жашылчалар баасы: 2015-жылдын жана 2016-жылдын август айы
Жашылчалар баасы: 2015-жылдын жана 2016-жылдын август айы - Sputnik Кыргызстан
Жашылчалар баасы: 2015-жылдын жана 2016-жылдын август айы

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы дүйнөлүк баа помидорго да жеттиби же кымбаттоонун башка себептери барбы деген сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдү. 

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиевдин айтымында, помидор былтыр канча жерге эгилсе, быйыл деле ошончо аянтка тигилген.

"Былтыр республика боюнча 51 миң гектарга помидор тигилген. Быйыл деле ошончо аянтка отургузулду", — деп билдирди Жумалиев.

Ушул эле министрликтин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн адиси Назгүл Ороскожоева баанын кескин кымбатташы гектарлаган жерге эгилген помидорлор жараксыз болуп калганына байланыштуу экенин билдирди. 

"Негизи помидор нымдуулукту жактырбайт. Быйыл жаан-чачын көп болгондуктан өсүмдүк ооруга чалдыгып, түшүмдүүлүгү азайып кетти. 50-70 гектар жерге помидор эккен дыйкандар ыйлап жатышат. Нымдуулуктун айынан жашылча түйүлбөй калган", — деп билдирди Ороскожоева. 

Бир нече жылдан бери помидор эгип келген Сокулук районуна караштуу Ак-Кашат айылынын тургуну Аруун Калыков аталган жемиш дале быша электигин айтты.

Кыргызстан Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рынок үчүн күрөш же ЕАЭБге кирген Кыргызстан бир жылда эмне тапты
"Мен бир гектар жерге отургузган помидорум дале быша элек. Былтыр бул маалда заводго тапшырып калганбыз. Түшүмдүүлүк дагы аз, көчөттөр өзүнөн өзү куурап калды. Эмнеге экени түшүнүксүз. Былтыр 750 грамм уруктан алынган көчөт бир гектардан ашык жерге жеткен, быйыл болсо 50-60 сотых жерге эптеп жетти", — деп ырастады Калыков. 

Ал эми агроном Өмүрбек Мамбетов түшүмдүүлүк ар кандай оорулардын пайда болушунан азайып жатканын белгиледи. 

"Быйыл жаан-чачын өтө көп болгондуктан нымдуулук болуп, көп жашылчанын түшүмдүүлүгү азайды. Себеби нымдуулук өз чегинен ашып кеткенде жашылчалар ар кандай илдеттерге чалдыга баштайт", — деп билдирди агроном. 

Ал эми пияз, картошка, сабиз сыяктуу жашылчалардын азыркы баасы менен былтыркы наркында айырма болгону менен кескин кымбаттоо байкалган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0