БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эксперттик топ "Алымбек датка" тасмасынын сценарийин бекиткенин Кинематография департаменти билдирди.
Аталган тасма Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдыгына карата тартылат.
"Тасманын сценарийине жарыяланган сынактын мөөнөтү 30-июль күнү аяктап, ага бир гана эмгек келген. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө эксперттик топтун жыйыны болуп, анда сунушталган сценарий каралды. Сунуштар жана кемчиликтерди эске алуу менен сценарий колдоо тапты", — деп айтылат маалыматта.
Аталган сценарийге Баян Сарыгулов, Бекен Назаралиев жана Бакыт Карагуловдор авторлук кылышат.