БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстан — Казакстан оюнун жайылтуу үчүн кыргыз футболчулары соотторду кийип сүрөткө тартылышты. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолдоштук беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 30-августта өтөт. Билеттер 18-августтан тарта сатыла баштайт.
Маалымат кызматынан кабарлаганына караганда, улуттук курама команданын оюнчуларын жоокердин келбетине айландыруу боюнча ниет мурдатан бери эле келе жаткан.
"2016-жылдын Кыргызстанда тарых жана маалымат жылы деп жарыяланышы буга кошумча болду. Бул идеяны мындан эки ай мурда ишке ашырдык",— деди айтышты маалымат кызматынан.
Алардын маалыматында, ар бир футболчу менен машыктыруучунун сүрөтү өз өзүнчө тартылып, аягында жалпы команданын сүрөтү жайгаштырылган.