БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Хакерлер Эл аралык олимпиадалык комитеттин сайтына күн сайын чабуул коюшууда. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги билдирди.
Эскерте кетсек, ишемби күнү Россиялык жөө күлүк Юлия Степанова электрондук почтасын жана ADAMS системасын бирөөлөр бузгандыгын айткан.
Ал эми буга чейин Спорттук арбитраждык соттун сайтына да чабуулдар жасалып келген.