БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Twitter тармагындагы баракчасына Дмитрий Медведев менен боло турган жолугушууда Кененсары хан менен Кейки баатырдын башын сурай турганын жазып чыкты.
Планирую на встрече с Д.А.Медведевым поднять вопросы о возврате головы не только Кенесары хана, но и Кейкi батыра. @DengiVpered @amreknurlan
— Карим Масимов (@KarimMassimov) 11 августа 2016 г.
Белгилей кетсек, Сочиде 11-12-август аралыгында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын алкагында эки тараптын жолугушуусу каралган.
"Медведев менен жолукканымда Кененсары хандын гана эмес, Кейки баатырдын дагы башын кайтарып берүү маселесин көтөрөм", — деп жазды Масимов.
Эскерте кетсек, Кененсары хан менен Кейки баатырдын баш сөөгү Россиядагы музейлердин биринде сакталуу деп айтылып келет.