БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кайгуул күзөт милициясына Renault Logan үлгүсүндөгү 65 унаа алынмай болгондугун ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлерине 2016-жылы чыккан жаңы унаалар алынып, алар республика боюнча таркатылат. Унаанын кыймылдаткычынын көлөмү 1,6 куб сантиметрди түзөт.
"Унаалар 36 миллион сомго бааланган. Тендерди "Азия Моторс" компаниясы жеңип алды", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тендердин жеңүүчүсүн аныктоо учурунда мыйзам бузуулар катталбаганын билдирет.