БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ошто Кара-Суу районунун 56 жаштагы тургуну бир килограммдан ашуун баңгизат менен кармалганын ИИМден билдирди.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн Нариман айылындагы үйүн тинтүүгө алышкан. Натыйжада 1 килограмм героин, 4 грамм нашаа табылган.
Топтолгон материал иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн аймактык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилип, кылмыш иши козголду.