БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы көрүстөндө жардыргыч зат табылганын облустук ИИБ билдирди.
Сары түстөгү жардыруучу зат Көк-Жаңгак айылынын мүрзөсүнөн алынган.
Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин 211-беренесинин (Жардыруучу затты мыйзамсыз сактоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.