Кыргызстанга биринчи медаль алып келген Артыков ага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын сүрөөнү ага дем-күч бергенин айтты.
"Бул медалды кыргыз элиме арнайм. Агайларыма чоң рахмат, ошолордун эмгегинин арты менен ийгиликке жетиштим. Түнү бою уктабай бизди сүрөөнгө алгандардын бардыгына рахмат", — деди балбан.
Ал эми машыктыруучу Үсөнкан Майназаров бул коло медалдын артынан башка спортчуларга да эшик ачылганын айтып, алтын, күмүш медалдарды алып келсин деген тилеги менен бөлүштү.