БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Балбан Иззат Артыковду президент Алмазбек Атамбаев өзү телефон чалып куттуктаганын кыргыз делегациясынын маалымат катчысы Кабыл Макешовго Иззат Артыков өзү билдирген.
Белгилей кетсек, кыргызстандык оор атлетчи Рио оюндарында үчүнчү орунду алган. Бул Олимпиада оюндарындагы КРдин алгачкы байгеси.
"Азыр Риодо түнкү саат экиден өттү. Президентибиз Алмазбек Атамбаев мага өзү телефон чалып куттуктады. Алмазбек Шаршенович жеңишим менен куттуктады. Коло байге утуп алышыма жалпы кыргызстандыктар кубанып жатканын, мында устаттарымдын дагы салымы чоң болгонун айтты. Жеңишим башка спортчуларды дагы шыктандыра турганын айтып, мелдешке чыга элек спортчуларга дагы ийгилик каалады. Эгемен Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, кыргыз туусун жогору көтөргөнүм үчүн терең ыраазычылыгын билдирди", — дейт Артыков.
Иззат Артыков жалпысынан 339 килграмм салмакты көтөргөн.