БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Баратбек Сыдыкназаров Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун акими болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 9-августта кол койду.
Буга чейин аталган кызматка үч талапкер, Баратбек Сыдыкназаров, Закир Мадалбеков жана Бакыт Анарбековдор аттанышкан.
Баратбек Сыдыкназаров райондук кеңештеги 131 депутаттын ичинен 96 добуш алып, суурулуп чыккан эле.