БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Үркүндүн 100 жылдыгына карата 27-августта жүз чакырымдык эстафеталык марафон уюштуруларын Трейл Ранинг федерациясынан билдиришти.
Бишкектен башталган марафон Боом капчыгайындагы Үркүндүн эстелигинде аяктайт.
100 чакырым аралыкты чуркап өтө турган биринчи топ Бишкек саат 9:00дө башталат. Аларга кошулуп, 10, 5 жана 1 чакырым чуркайм деген каалоочулар шаарга кирүүдөгү айланма жолдон кошулат деп айталат маалыматта.