БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-августта Ысык-Көл облусунда мезгил-мезгили менен, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында түнкүсүн бир нече жеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында күн 31 градуска ысыса, Ош шаарында 34 градус көтөрүлөт.
Баткен, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында — 34, Ысык-Көлдө — 24, Нарында — 28 градус болот.