БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаарында казыяттар арасында спорттук мелдеш өтүп жатканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир волейбол, футбол жана сууда сүзүү боюнча болууда. Ага учурда Жалал-Абад, Баткен, Ош облустары менен Ош шаардык казыяттардын кызматкерлери ат салышып жатат.
Дин кызматкерлери арасындагы спорттук иш-чаранын ачылышында Ош шаарынын казысы спорт менен машыгуу ден-соолукту бекемдеп, күч-кубат берерин белгилеп өттү.