БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Орто-Сай айылында унаасы жарылган прокурорду операцияга даярдашууда. Анын колу жулунуп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине №4 шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Исаков билдирди.
Буга чейин ИИМ Орто-Сай айылында прокуратура кызматкеринин Lexus унаасы жарылганын айткан. Ал эми Башкы прокуратура аны тастыктап, кызматкер жабыркаганын билдирген эле.
"Оор абалда ооруканага жеткирилген 34 жаштагы Эркин Курманалиевдин колун жулуп кеткен. Учурда аны операцияга даярдап жатабыз", — деди Исаков.
Башкы прокуратуранын сайтындагы маалыматка ылайык, Курманалиев төргөө башкармалыгынын ага прокурору болуп иштеп келген.