БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Баткен облустук мусулмандар казыяты муктаждарга битир-садага таратканын муфтият билдирди.
Иш-чарага Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана казыят кызматкерлери катышып битир-садага Баткен облусундагы карыялар жана майыптар интернаты менен балдар үйүнө бөлүндү.
Жардам ошондой эле облус аймагындагы жетим-жесирлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана оор турмушта жашаган үй-бүлөлөргө да таратылып, жергиликтүү элден келип түшкөн акча каражатына ээ болушту.
Казыят кызматкерлери ар бир жарандан келген арыздарды кылдат текшерип, жардам биришкен.