Нью-Йорк шаарынын ортосуна коюлган боз үй 2 миң долларга түнөтүүдө

Жазылуу
Боз үй турган жер үн өткөрбөөчү материалдар менен жабылгандыктан сыртта болгон ызы-чуу угулбайт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бул уникалдуу мейманкана боз үйдө түнөө эки миң доллар турарын The Daily Mail басылмасы билдирди.

Өзгөчө номер мейманкананын 17-кабатында тигилген. Ачык асман алдындагы бөтөнчө номерге керектүү бардык буюм-тайымдар коюлган.

Бул жакта эс алууну каалагандарга от жагууга да уруксат берилет. Мындай ыкма менен мейманкана ээлери кардарларга жаратылыш койнунда жүргөндөй шартты түзүүнү көздөшкөн.

Боз үй турган жер үн өткөрбөөчү материалдар менен жабылгандыктан сыртта болгон ызы-чуу угулбайт.

Мейманканада адаттан тыш номер ачылганы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин бул жерде эс алууну каалагандардын саны көбөйгөн.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0