БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен 9-августта кезигет. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн башчылары Санкт-Петербург шаарында жолугат.
"Путин менен Эрдогандын жолугуусу 9-августка белгиленди", — деди Песков.
Эске сала кетсек, буга чейин Түркиянын вице-премьери Мехмет Шимшек Түркия президенти август айында Россияга иш сапар менен барарын айткан эле.