БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда маршрутканын ичине 37 жаштагы жаран асынып калганын Тез жардам кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү түнкү саат 11:26да келип түшкөн. Кырсык автоунаа токтоп турган учурда болгон.
"Кайра жандандыруу бригадасы барганда жарандын көз жумганы белгилүү болгон. Маркум 37 жашта экени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Тез жардам кызматына бир суткада 618 кайрылуу болгон. Анын 453үнө жеринде жардам берилип, 114 киши ооруканага жаткырылган.