БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Тоң району менен Балыкчы шаарынын тургундарына шифер таратылганын ӨКМ билдирди.
Белгилей кетсек, 18-июлда Ысык-Көл облусунун аталган аймактарында мөндүр аралаш жаан жаап, катуу шамал болгон. Анын кесепетинен турак үйлөр жабыркаган.
ӨКМ тарабынан 24-июлда Балыкчы шаарына 668, ал эми Тоң районундагы жабыркаган үй ээлерине 256 шифер таратылып берилген.