БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги бир канча ири долбоорлорго конкурс жарыялаганын кабарлады.
Ал сынактарга мамлекеттик эмес уюмдар катыша алат.
Агенттиктин маалыматына ылайык, төрт долбоор: "Жаш үй-бүлө", Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы, жаш ыктыярчылардын форуму жана жаштар уюмдарынын жарманкеси уюштурулат.
Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 50 миң сом каралган.