БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы үй өрттөнүп, андан күйүп калган эркек кишинин денеси табылган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал кишинин ким экендиги такталууда.
"Беш-Күңгөй айылындагы үйдүн устуну, терезе, диван өрттөнүп, андан күйүп калган эркек кишинин денеси табылган",— деп айтылат маалыматта.
Адистер өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан деп айтышты.