БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июлда Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Сиздин Кыргызстанга жакында эле келип кеткениңизди жана болгон сүйлөшүүлөрдү жылуу эстеп жатам. Сиздин сапарыңыз кыргыз-немис мамилеси үчүн абдан маанилүү жана аны өнүгүүнүн жаңы этабына чыгарат. Ошондой эле биздин мамлекет тандаган демократиялык өнүгүү жолун колдоо болуп саналат", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.
Өлкө башчысы Германиянын канцлерине чың ден соолук, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалаган. Германиянын тарыхында канцлер болгон алгачкы аял Меркель быйыл 62 жашка чыкты.
Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кеткен.