Саратов облусунда автоунаа аласалып, эки кыргыз жараны каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициядагы булактар автоунаада жети адам болгондугун, алар Москадан мекенине (Кыргызстанга – ред.) кетип бара жатканда кырсыкка учураганын айтты.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстан жарандары түшкөн автоунаа Саратов облусундагы жолдо аласалып кетип, анын кесепетинен эки киши каза болду. Бул туурасында аталган аймактын тартип коргоо органдары кабарлады.

Кырсыкка кабылгандардын үчөө жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Полициянын маалыматында, окуя облустун Ершовск районунда болгон. 

"Минивэн жолдун жээгине чыгып, ала салып кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу жана анын жанындагы жүргүнчү каза тапкан. Дагы үч киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилген", — деп билдирди ИИМдин аймактык башкармалыгынын жетекчиси Дмитрий Рассказов.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкыртстандагы темир жолдон 55 жаштагы КР жаранынын сөөгү табылды
Ал автоунаада жети адам болгондугун, алар Москвадан Кыргызстанга чыккандыгын айтты.

ӨКМдин аймактык башчысынын билдиргенине караганда, кырсык Сокорная Балка деп аталган эл жашаган жайга жакын Энгельс — Ершов — Озинки автожолунун 150-чакырымында болгон.

Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактардын айтымында, аңтарылып кеткен минивэнге Кыргызстандын автономуру тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0