БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Мадина" базарында чыккан өрттүн өчүрүлгөнүн ӨКМдин өкүлү Нурлан Ташмамбетов билдирди.
Анын айтымында, өрт тууралуу билдирүү аларга саат 10:09да келип түшкөн.
"Базардагы кездеме саткан контейнерлер күйгөн. Учурда өрттын чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда", — деди Ташмамбетов.
Ал ошондой эле өрттүн жайылуу аймагы саат 10.35те чектелип, 11:15те толугу менен өчүрүлгөнүн кошумчалады.