БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Индия Болливуддин атактуулугун (Мумбай шаарынын киноиндустриясы) Россияда жайылтууну көздөп, өзгөчө индия кинолорунун орус тилине которулушун жолго коёт. Бул тууралуу Махараштра штатынын башкы министри Давендра Фаднавис РИА Новости агенттигине берген маегинде белгилеген.
Учурда Фаднавис Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда.
"Индиянын бир катар кинолорун Россияда сүйүп көрүшөт жана аларды билишет", — дейт башкы министр.
Белгилей кетсек, Болливудда жылына ондогон жаңы тасмалар тартылат.