Сауд Аравиясындагы теракт ислам дүйнөсүнүн кыжырын кайнатты

© AFP / STRВзрыв неподалеку от мечети Пророка в городе Медина на западе Саудовской Аравии
Взрыв неподалеку от мечети Пророка в городе Медина на западе Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медина шаарында жайгашкан пайгамбардын мечитине жакын жерде дүйшөмбү күнү жардыруу болуп, бир жанкечти менен коопсуздук кызматынын төрт кызматкери көз жумду.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Медина шаарында жайгашкан пайгамбардын мечитине жакын жерде дүйшөмбү күнү жардыруу болуп, бир жанкечти менен коопсуздук кызматынын төрт кызматкери көз жумган. Араб жана ислам дүйнөсүндөгү мамлекеттердин башчылары терактыны дароо айыптап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости SPAагенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Жардыруу болгон жердеги тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда жардыруу жасаган эки жан кечтинин россиялык паспорту бар болуп чыкты
Сауд падышасы менен анын мураскерине Бахрейндин падышасы, Бириккен Араб Эмиратынын мураскер канзаадасы, Кувейттин эмири жана Иорданиянын падышасы телефон аркылуу көңүл айтышты. 

Түркиянын президенти, Йемендин өкмөтү, Палестина, Катар, Оман жана Пакистан өлкөлөрүнүн башчылары катуу билдирүүлөрүн таратты. 

Египеттин тышкы иштер ведомствосу террористтердин дини болбой турганын айтты. 

"Терроризмдин дини дагы, башка ишеними дагы болбойт. Аларда адамдык касиет деген жок. Аларга каршы туруу үчүн дүйнөнү биригүүгө чакырабыз", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө. 

Стамбулдагы Ататүрк аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда террордук топтун мүчөсү деп шектелген кишиден КР паспорту чыкты
Сауд Аравиясынын Ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда каза болгондордон сырткары, дагы беш полиция жаракат алган.

Күч кызматкерлери билдиргендей жан кечти мечиттин аймагына өтүүгө аракет жасаган. Бирок ал курчоого алынгандан кийин денесине байланган жардыргычты иштетип жиберген. 

Белгилей кетсек, буга чейин Эль-Катиф шаарындагы мечитке жакын жерде дагы бир жан кечти өзүн-өзү жардырып жиберген. Анда жай турмуштагы жарандар жабыркаган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0