Атамбаев: мусулманчылыкты кыргыздын салттары менен шайкеш келтирип жашоо зарыл

Жазылуу
Атамбаев азыркы ааламдашуу доорунда прогресс менен кошо бөтөн маданияттарды, жүрүм-турум образдарын, керек болсо кийимдерден бери таңуулоого жол ачылганын белгиледи.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Орозо айттан улам кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент орозо баарыдан мурда жан дүйнө менен пейилди тазартуу болуп саналарын белгилеп, өмүрдүн маңызы тууралу ой толгоо мезгили экенин айтты. 

"Кыргыздар эркин мүнөзү, байыркы тарыхы, көөнө маданияты, "Манастай" мухитти жараткан тили, бейиштей керемет жери, жарашыктуу кийими менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз мусулман болушкан. Болгондо да мусулманчылыктын мыкты жөрөлгөлөрүн кыргыздын салттары, үрп-адаттары менен шайкеш келтирип жашап келатабыз. Байыртадан эле элибиз фанатизм менен радикализмден алыс. Айкөлдүк, адал, каниет кылуу, нысап, напсини тыюу, ыймандуулук деген сыяктуу асыл түшүнктөр эне тилибизде эзелтен бар. Ал эми бул түшүнүктөр ыйык Курандын негизин түзөт", — деп айтылат куттуктоодо. 

Атамбаев азыркы ааламдашуу доорунда прогресс менен кошо бөтөн маданияттарды, жүрүм-турум образдарын, керек болсо кийимдерден бери таңуулоого жол ачылганын белгиледи. 

Бишкек шаарында айт намазга кишилер таң эрте эле келе башташкан - Sputnik Кыргызстан
Айт намаз: тобо келтиргендер жана муфтий менен "селфилдөөгө" ашыккандар
"Диний ишеним менен улуттук маданиятты, салттарды карама-каршы коюунун айынан бир улут ичинде, атүгүл бир үй-бүлөдө карама-каршылыктар күчөдү. Ошентип, мамлекеттердин коопсуздугуна, улуттук биримдик менен ынтымакка доо кетип жатат. Тилекке каршы, бул көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган жок. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясый түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат. Динчилер саясатка киришкенде эмне болоорун азыркы күндө бир топ араб өлкөлөрүнөн көрүп жатабыз", — деп айтылат кайрылууда.

Президент сөзүнүн соңунда Ислам – тынчтыкка, ынтымакка данакер дин экенин айтып, кыргызстандыктарга бекем ден соолук, тынчтык жана өнүгүү каалап, сабырдуулукка чакырды. 

Кыргызстанда орозо быйыл 6-июнда башталып, 5-июлда Орозо айт майрамы менен аяктады.

Бишкек шаарында болгон айт намазды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0