БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кытай менен чектешкен "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары Орозо айтка карата убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.
Көзөмөл өткөрүүчү эки жай 6-июль, шаршемби күнү жабылат да, бир күндөн соң 7-июлда иштей баштайт.
Чек ара кызматынын маалыматында, көзөмөл өткөрүү жайларын жабууну Кытай тарап демилгелеген.
Орозо айт майрамы Кыргызстанда эртең, 5-июлда белгиленет.
Айт намазы канчада, кантип жана кайсы жерде окуларын Sputnik материалынан окуңуз>>