БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. №31 айып изоляторунун камерасында отурган 25 жаштагы жарандын асынып калган денеси табылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.
Окуя 4-июлда саат 10:30да болгон. Учурда оперативдик тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
"Абакта отурган 25 жаштагы жаран жип катары өзүнүн футболкасын колдонгон", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын чоо-жайын аныктоо үчүн соттук экспертиза дайындалды.