Стамбулдун аэропортундагы теракт, орто мектепти артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө президент Алмазбек Атамбаевдин мактоо баракчаларын тапшыруусу, Новосибирскидеги эл аралык "Пекин — Париж" унаа жарышы, Юпитердеги полярдык жаркыроо, Бангладештеги элдин барымтага алынышы, Австриядагы жыл сайын өткөрүлчү бодиарт боюнча фестиваль жана башка кызыктуу окуялар Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт топтомунда.

Стамбулдагы "Ататүрк" эл аралык аэропортунда 28-июнь күнү үч ирет жардыруу болду. Анын айынан 44 адам ажал тапты, алардын 19у чет элдик жарандар болгон. Дагы 239 адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым кылмыштын учугу "Ислам мамлекети" террордук уюмуна алып барганын тастыктаган далилдер бар экенин айтып чыкты

Куралчан террористтер Бангладештин борбору Даккада жайгашкан дипломатиялык кварталдагы ресторанга чабуул жасашты. Полиция кызматкерлери аймакты курчоого алышып, алты согушкерди жок кылышты. Операциянын жүрүшүндө полиция барымтага алынган 13 жаранды куткарышкан. Калган 20 адам террорчулардын колунан ажал табышкан

Orbital ATK компаниясы SLS ракетасын сынап көрдү

Багдадда мусулман-шииттердин борборуна жакын жерде жардыргыч менен келе жаткан унаа жарылган. Терактыны "Ислам мамлекети" террордук уюму жасаганы маалым болгон. Акыркы маалыматтарга караганда Багдадда болуп жаткан терактылардын айынан 165 адам көз жумса, 168и оор жаракат алган

Алтай крайында өткөн "Пекин — Париж-2016" унаа жарышы. Эл аралык сынакта катышуучулар Chrysler 75 Roadster унаасы менен бара жатышат

Афинадагы сейил бактын эс алуучулары

Германияда өткөн Mercedes-Benz аттуу мода жумалыгындагы модель кыз. Анда таланттуу дизайнерлер тарабынан жаз — жай-2017 коллекциясы тартууланды

Жыл сайын өткөрүлчү бодиарт боюнча дүйнөлүк фестивалдын катышуучусу. Иш-чара Австриянын Каринтия шаарында болуп өттү

Уэльс курама тобунун чабуулчусу Сэм Вокс футбол боюнча Европа чемпионатында Бельгиянын дарбазасына гол киргизди. Оюн 3:1 эсебинде Уэльстин пайдасына аяктады

Футбол боюнча Европа чемпионатындагы Англия курама тобунун жаш сүрөөнчүсү. Англия менен Исландия көрсөткөн оюнда 2:1 эсебинде Исландия жеңишке жетишкен.

Испаниядагы Пола-де-Сьеронун жашоочулары шайлоо участкасында. Жыйынтык боюнча башкаруучу Элдик партия 350 орундуу конгрессте 137 мандатка ээ болушту (парламенттин төмөнкү палатасы), ал эми социалисттер экинчи орунду алуу менен 85 мандатка ээ болушту

Президент Алмазбек Атамбаев орто мектептерди артыкчылык менен аяктаган 55 бүтүрүүчүгө мактоо баракчаларын тапшырды. Өлкө башчынын колунан бүтүрүүчүлөр 10 миң сом акча менен баалуу белектерге (планшет) ээ болушту. Мындан тышкары, президенттин демилгеси менен мамлекеттик баалуу белектер менен акчалай сыйлыктар жалпы республикалык тесттен эң жогорку упай топтой алган 14 бүтүрүүчүгө ыйгарылды

Ырчы Леди Гага АКШнын Индиана штатында тибеттик будисттердин лидери Далай-лама менен жолугушту. Алар ырайымдуулук, чыдамкайлык жана боорукердик тууралуу маек курушту

Москвалыктар Сторгинская пляжында эс алып жатышат

"Лебединое озеро" балетинин артисттери Москвадагы россиялык академиялык жаштар театрында концерттик программа тартуулашты

Туристтер Монблан чокусунда, Франция тоо чокулары

"Хаббл" телескопу аркылуу алынган Юпитердеги полярдык жаркыроо.
