БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы "Жеңиш" аянтында өтүүчү айт намаздын программасын даярдады.
Маалыматка ылайык, айт намаз 5-июлда таңкы саат 6.00дө ажылардын баяны менен башталат. Саат 7.00дөн 7.30га чейин Орозо айт майрамына карата куттуктоолор айтылат.
Андан соң айт намазы окулмакчы.