БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт автожолундагы Боом капчыгайы жаан суулары каптаганына карабастан автоунаа үчүн ачык экенин ӨКМ билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, катуу жааган жамгырдан улам суу кан жолдун 139-чакырымын бүгүн саат 13.00дөр чамасында каптап кеткен.
Учурда кырсык болгон жерде атайын төрт техника иштеп, калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин Тоң району (Ысык-Көл) боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рамил Тутуев башчылык кылууда.