БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Бишкекте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат жана шашки турнири өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 1-7-июль күндөрү Азиздер жана дүлөйлөр коомунун шахматтык клубунда өтөт.
Иш-чаранын максаты спортту жайылтууга жана мыкты спортчуларды аныктоого багытталат.
Турнир Бишкек мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.