Эртең Кыргызстанда күн ысык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Чүй проспекти. Архив
Бишкектеги Чүй проспекти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июндун соңунда күн ачык болсо, кийинки ай жамгыр менен башталат

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Эртең, 29-июнда өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көл, ысык кум, акча: Ысык-Көлдө эс алуу канча турат
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16 градус, күндүз 30…32 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 16…18 градус, күндүзгү жогорку температура 32…34 градуска чейин жетет.

Ал эми кийинки айдын башында күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0