БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкекте 27 жаштагы кыз жанын кыюуга аракет кылганын Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
Маалыматка ылайык, Тез жардамга билдирүү кечээ, 27-июнь күнү саат 16:20да түшкөн.
"Кыз жанын кыюуга максатында ар кандай дары-дармектерди ичип эс учун жоготкон", — деди Борисов.
Жабырлануучу Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды.